Бостериге энеси таштап кеткен эки баланын ата-энеси табылды

23 июль 2021 16:58 2234 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл районунун Бостери айылына убактылуу жалдап турган үйгө энеси таштап кеткен эки баланын атасы жана энеси табылды. Бул тууралуу аталган областтын ички иштер башкармалыгына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Областтык милиция берген маалыматка караганда, Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнө 59 жаштагы аял кайрылып, 17-июлда саат 21:00дө бейтааныш аял эки баласы менен анын үйүн жалдаганын айткан. 18-июлда саат эртең мененки 9:30дар чамасында аял балдарын убактылуу карай турууну үй ээлеринен суранып, чыгып кетип, ошол бойдон кайтып келген эмес.

ЖМКдагы маалыматтар боюнча баланын атасы эки баланы таанып Бостери айылына барган. Эки баланын энеси 22 жаштагы Т.П. экени дагы аныкталып, аны милиция таап келди.

Балдар иштери боюнча комиссия эне менен профилактикалык иш жүргүзүп балдарды тапшырып берди.

Ссылка: https://barometr.kg/bosterige-enesi-tashtap-ketken-eki-balanyn-ata-enesi-tabyldy



Добавить комментарий