ИИМдин "Шумкар" полку өз катарындагы дарыгерлерге ыраазычылык билдирди

12 май 2020 12:24 896 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку укук коргоо кызматкерлеринин ден соолугуна кам көргөн дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

"Кылымга тете тарыхы бар милиция кызматы калк башынан өткөргөн ар бир окуянын күбөсү жана түздөн-түз катышуучусу болуп келет. Түйшүктүү жана ардактуу кесип ээлери менен бирге өз милдеттерин аркалап келе жаткан биздин ак халатчан кызматкерлерибиз жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Качан кандай кырдаал болбосун күндүн ысык суугуна карабастан тартип сакчыларынын ден-соолугуна кам көрүп, алар менен тең жарыша колдоруна бирде курал алып чуркаса, бирде кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүп кызматтарын аркалап келе жаткан айымдарыбыз ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун ак халатчан кызматкерлери милициянын улук прапорщиги Омурзакова Чынара жана милициянын улук прапорщиги Касымбекова Саламат ар дайым полктун кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүүдө өздөрүнүн кесипкөйлүлүүгүн көрсөтүп ак кызматын аркалап талыкпай иштеп келет", - деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлер ооруп келген кызматкерлерди текшеришип, ар бирине мээримдүүлүк мамиле жасап кам көрүүдө өздөрүнүнүн кызматык милдеттерин жооптуу аткарып келет. Полктун кызматкерлеринин дени сак болуусуна кам көрүп ар кандай сабактарды жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. 

"Кызматкерлердин дени сак болуусун көзөмөлдөн алардын жанында кызмат өтөгөн ак халатчандар. Ар бирибиз үчүн үмүттүн жана боорукердиктин символу болгон өмүр сакчылары ырайымдуулук менен адамдардын ден соолуугу үчүн күрөшүп келишет", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/boorukerdiktin-simvolu-bolgon-mr-sakchylary-majramyyzdar-menen



Добавить комментарий