Боом капчыгайында 22-26-апрелде таш кулатуу иштери жүргүзүлүп, жол жабылат

20 апрель 2019 12:50 1605 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жол кыймылдарынын коопсуздугун камсыз кылыш максатында 22-апрелден 26-апрелге чейин «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында мажбурлап таш түшүрүү иштерин баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз Темир Жолу» компаниясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жол кыймылы 22-апрелден 26-апрелге чейин саат 09:00дөн 15:00гө чейин Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан маал-маалы менен жабылып турат.

30-40 унаа топтолуп калгандан кийин таш кулатуу иштери токтотулуп уунаалар кое берилип турат.Таш кулатуу иштери күндүз жүргүзүлөт.

Компания келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жарандардан кечирим сурап, бул иштерди түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Ссылка: https://barometr.kg/boom-kapchygajynda-22-26-aprelde-tash-kulatuu-ishteri-zhrgzlp-zhol-zhabylat



Добавить комментарий