Бокова: "Айсулууну тартууда сулуу, назик, күчтүү ошол эле учурда алсыз айымдын образын чагылдыргым келген"
Бөлүшүү:
Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын соңку тартылган сүрөтүнө спортчунун күйөрмандары дагы да болсо суктануусун улантууда.
Эл назарына коюлуп, жылуу сөздөрдү чогултуп жаткан эмгекти сүрөтчү Галина Бокова тарткан.
«Дүйнө чемпиону, биздин сыймыгыбыз Айсулууну тартууда сулуу, назик, күчтүү, ошол эле учурда алсыз айымдын образын чагылдыргым келген. Таанышкан соң, ал дал ушундай адам экенине ынандым. Жолугушуудан жакшы сезимдер калды» - деген пикирин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына калтырган.
Спортчу менен бул саамалык бир жыл мурун эле пландалганын сүрөтчү кошумчалады.
Добавить комментарий ×