Бишкектин жер ресурстар башкармалыгынын башчысы жарандарды кабыл ала баштады (Сүрөт)

20 август 2020 12:18 566 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жер ресурстар башкармалыгынын башчысы кайрадан шаар тургундарын кабыл алып баштады. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Шаардык кызматтардын жетекчилери шаар тургундары менен тыгыз кызматташып келет. КОВИД-19 пандемиясына байланыштуу шаар тургундарын кабыл алуу убактылуу токтотулуп, маселелер  онлайн режиминде чечилген.

“Калаада эпидемиологиялык абал бир аз турукташып калганына байланыштуу Бүгүндөн тартып Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу шаардыктарды кабыл алууну баштады”, - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуулар санитардык эрежелерди катуу сактоо менен өткөрүлөт

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-zher-resurstar-bashkarmalygynyn-bashchysy-kajradan-bajlanyshta-srt



Добавить комментарий