Видео. Бишкектин Жаш Гвардия проспектисинин бир бөлүгүн суу каптады. Унаалар сүзүп жүрөт
Бөлүшүү:
Бишкектин Жаш Гвардия проспектисинин бир бөлүгүн суу каптады. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү кабарлады.
Жаандын кесепетинен Бөкөнбаев менен Жаш Гвардия көчөсүнүн кесилишкен жериндеги көпүрөнү суу каптды. Унаалар араң өтүп жатат.
Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, “Тазалыктын” кызматкерлери атайын техниканын жардамы менен сууну сордуруп жатышат. Чукул кырдаалды жөнгө салыш үчүн убакыт талап кылынат.
Жолду убактылуу жабуудан улам унаа тыгыны пайда болду.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-zhash-gvardiya-prospektisinin-bir-blgn-suu-kaptady-unaalar-szp-zhrt
Добавить комментарий ×