Бишкектин мектептерине 264 мугалим жетишпей жатат

7 октябрь 2021 12:54 1674 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин мектептерине 264 мугалим жетишпей жатат. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Назгуль Лосникова билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, окуу жылынын башталышында баш калаанын мектептеринде 400дөй мугалим жетишсиз болгон.

“Азыр 264 ставка бош турат. Акырындап кадрлар менен камсыз кылып жатабыз. Жыл сайын Билим берүү министрлигине бош орундар боюнча билдирме беребиз. Бизге жогорку окуу жайынан жаш адистер келет. Аларга “Жаш мугалимдердин депозити” программасы аркылуу стимул бергенге аракет кылабыз”,-деп белгилеп өттү Назгуль Лосникова.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-mektepterine-264-mugalim-zhetishpej-zhatat



Добавить комментарий