Бишкектин ичиндеги блокпосттор качан алынары айтылды
Бөлүшүү:
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 30-апрелден 1-майга караган түнү Бишкек шаарынын ичиндеги бардык блокпосттор алынарын парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Министр андан сырткары шаардын ичинде жөө милиционерлер менен автоунаалар гана кайгуулга чыга турганын кошумчалады.
Ал эми Бишкек шаарынын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев шаардын ичинде жүрүү үчүн электрондук өткөрмө бериле турганын айтты. Орозалиев электрондук өткөрмөнү атайын система аркылуу берүүдө болгону жарым мүнөт гана кетерин белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-ichindegi-blokposttor-kachan-alynary-ajtyldy
Добавить комментарий ×