Бишкектин экс-вице-мэри Азыгалиев мамлекетке 30 миллион сом төгүп берди

5 июль 2021 15:32 1178 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Уланбек Азыгалиев 30 миллион сомду мамлекеттке зыяндын ордун толуктоо иретинде төгүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 20 жылдан ашык иштеген Уланбек Азыгалиев туугандарына жана жакындарына катталган декларацияланбаган ири өлчөмдөгү мүлкү бар экени аныкталган.

Аталган иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө  Азыгалиев келтирилген зыяндун ордун толуктады.

Ошол эле учурда, тергөөнүн жүрүшүндө салыктык текшерүү дайындалып, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-eks-vice-meri-azygaliev-mamleketke-30-million-som-tgp-berdi



Добавить комментарий