Бишкектен кызга жолугууга Жети-Өгүзгө барган жигитти бычактап кетишти

30 май 2018 00:40 1349 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунда жаштар арасында чатак болду. Чатактын катышуучуларынын бири бычакталып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
28-майда областтык ооруканага Оргочор айылынын 17 жаштагы жашоочусу жетикрилген.

Кийин маалым болгондой ал аталган айылга Бишкектен барган. Ошол эле күнү айылдашы менен жолугуп, саат 23.30дар чамасында Светлая Поляна айылына кызга жолугууга барышкан.

Бирок кыздын туугандары 17 жаштагы баланы бөйрөккө сайып салышкан.
Учурда тергөө башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekten-kyzga-zholuguuga-zheti-gzg-bargan-zhigitti-bychaktap-ketishti



Добавить комментарий