Бишкекте халифат түзүүгө чакырган жаран кармалды

12 февраль 2020 12:26 526 Barometr
Бөлүшүү:
ok

УКМК тарабынан жүрүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарында «Хизбут-Тахрир» диний экстремистик уюмунун активдүү мүчөсү «Ж.А.» аттуу КР жаранынын Интернет тармагы аркылуу «Халифат» түзүүгө чакырган иш аркеттерине бөгөт коюлду. 

Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү жүргүзүү учурунда экстремисттик багыттагы материалдар табылган. Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун чечимине ылайык «Ж.А.» Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1- тергөө камак жайына киргизилди. 

Азыркы убакта ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат. 

КР Жогорку сотунун токтому менен «Хизбут-Тахрир» 2003-жылдан 20- августунан тартып экстремисттик уюм деп таанылып, КР аймагында анын иш-аракеттерине тыюу салынган.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekten-hizbut-tahrir-deu-mchs-karmaldy



Добавить комментарий