Бишкектеги мончолор чүпүрөк жагып абаны болуп көрбөгөндөй булгап жатабы?
Бишкек шаарынын айланасындагы тигүү цехтеринен алынган калдыктарды жаккан мончолордун ишин токтотсо жакшы болмок. Бул тууралуу Фейсбуктун колдонуучусу Жаннат Мажитова өз пикирин жарыялады.
“Балбак Түлөбаев:"Бишкекте 500дөй мончо бар, алардын көбү көмүр, швейный отходдорду жагып абаны болуп көрбөгөндөй булгап жатат. Аларды текшерип, айып пулдар салынууда",- деп билдирди. Конуштардагы чүпүрөк жаккан мончолорду такыр жаап салса жакшы болмок. "Кыргызстан" фракциясы учурдун глобалдуу көйгөйү-экология маселесин талкуулоодо. Көмүр жакпай жаратылыш газына өтпөсөк болбой калды. Экотехинспекциянын өкүлдөрү 1 кг көмүр жагылса анын 80 пайызы көмүр кычкыл газына айланат дейт. Ал эми заманбап газ мештер зыяндуу газ болуп чыгарбайт дешет”,-деп пикирин бөлүштү Мажитова.
Эскерте кетсек, экологияны коргогон уюмдар Бишкектин абасы булганыч болуп жатканын эскертип келишет.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-moncholor-chprk-zhagyp-abany-bolup-krbgndj-bulgap-zhataby
Добавить комментарий ×