Бишкектеги Киев жана Нарындагы Ленин көчөлөрүнө Турдакун Усубалиевдин атын ыйгаруу сунушталды

24 январь 2019 10:26 1298 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Турдакун Усубалиевдин аты Бишкектеги Киев көчөсүнө жана Нарындагы Ленин көчөсүнө ыйгаруу сунушталды. Мындай пикирди депутат Чыныбай Турсунбеков бүгүнкү 24-январда парламенттеги жыйында билдирди. 

"Өткөн жылы залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын татыктуу өткөрүп алдык.Эми дагы бир чыгаан кыргыздын уулу Турдакун Усубалиевдин мааракесин өткөрүү милдети турат. Бул тууралуу өкмөткө эскертип коеюн деп жатам. Чейрек кылым башкарган Турдакун Усубалиевдин убагында айыл чарбасынан баштап, бардык тармак өнүккөн. Курулуш имараттары салынган. Бекеринен Айтматов Усубалиевди "архитектор" деп атаган эмес. Быйыл ушу Турдакун Усубалиевичтин 100 жылдык мааракесин өкмөт татыктуу даярдыктарды көрүп, өткөрүүсү керек. Буга чейин дагы айтылган. Бишкектеги эң узун көчөлөрүнүн бирине аты коюлушу керек"-деди депутат Турсунбеков.

Андан сырткары, Нарындагы Ленин көчөсүнө дагы Усубалиевдин аты ыйгарылса, туура болот деп кошумчалады депутат сөзүнүн аягында. 


Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-kiev-zhana-naryndagy-lenin-kchlrn-turdakun-usubalievdin-atyn-yjgaruu-sunushtaldy



Добавить комментарий