Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү жарылуу боюнча кылмыш иши козголду
Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү жарылуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Билдирмеге ылайык, окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери менен (адам өмүрүнө кол салуу) кылмыш иши козголду. Милиция ушул сыяктуу шектүү окуялар байкалса, коопсуздук үчүн дароо 102ге чалып кабарлоону өтүнөт.
Белгилей кетсек, 10-августта Бишкек шаарынын Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн короосунда жарылуу болуп, милиция аймакты курчоого алган. Жарылуудан россиялык ишкер Александр Гайдуков жаракат алып, травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Кийин медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилди.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-isanov-kchsndg-zharyluu-boyuncha-kylmysh-ishi-kozgoldu
Добавить комментарий ×