Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин жанындагы ок атышууга күнөөлүү делген милиционерге кылмыш иши козголду

27 сентябрь 2018 13:25 749 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарындагы кафенин жанындагы болгон ок атышууга күнөөлүү деп табылган Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Н.Н аттуу кызматкерине КР (234-берене) "Ээнбаштык" жана (304-берене)  "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Эске салсак, 10-сентябрдан 11-сентябрга караган түнү Ахунбаева көчөсүндө жайгашкан "Империя пиццы" кафесинин жанында милиционер табелдик куралдан ок чыгарып, жыйынтыгында кесиптеши Октябрь райондук милиция бөлүмүнүн кызматкеринин бутуна тийген. Жаракат алган милиционер учурда оорукнада дарыланып жаткандыгы айтылды. 

Ал эми керектүү документтер тиешелүү органдарга иликтөөгө берилди деп билдирди башкы прокуратуранын маалымат кызматы. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-imperiya-piccy-kafesinin-zhanyndagy-ok-atyshuuga-knl-delgen-milicionerge-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий