Бишкекте жылуулук түтүгү өткөн кудуктан 47 жаштагы эркектин жансыз денеси табылды
Бөлүшүү:
Бишкекте Онкология институтунун жанындагы жылуулук түтүгү өткөн кудуктан каза болуп калган адамды табышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 30-ноябрда Бишкек шаарында Октябрь районунда саат 12:40та Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү Онкология институтунун жанындагы жылуулук түтүгү өткөн кудуктан 1973-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган.
КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин кудуктан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Добавить комментарий ×