Бишкекте жети жаштагы баланы унаа сүзүп кетип каза тапты, айдоочу качып кеткен
Бөлүшүү:
Бишкекте жети жаштагы баланы унаа сүзүп кетип каза тапты. Айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кетүүгө үлгүргөн.
Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу башкармалыгынан кабарлашкандай, кырсык 17-июнда болжол менен саат 20:30да болгон. Белгисиз айдоочу Каралаев көчөсү менен бара жатып 26/1 дарегинде жайгашкан үйдүн жанынан 7 жаштагы С.А.ны койдуруп кеткен. Андан соң кырсык болгон жерден качкан.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында «Ауди ТТ» унаасын айдап бара жаткан 23 жаштагы М.И. кармалды.
Топтолгон материалдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлдү.
Добавить комментарий ×