Бишкекте жакынкы сааттарда катуу шамалдын болушу күтүлүүдө
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, 6-июлда күндүз Бишкекте жана Чүй областында ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамалдын болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
“Кырсыктарды алдын алуу максатында Бишкек мэриясы унааларды дарактардын, жеңил курулмалардын жанына токтотпоону өтүнөт”,-деп айтылат маалыматта.
Дарактар кулаганын же башка жабырлануучулар болгонун көргөндөр 1840, 1850 номерине байланышууну жана Бишкек мэриясынын 0554 182 185 номерлүү WhatsApp-каналына фото жана видео фактыларды жөнөтүүнү эскертишти.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhakynky-saattarda-katuu-shamaldyn-bolushu-ktld
Добавить комментарий ×