Бишкекте уурулар күндүз эле үйгө кирип курал, акча уурдашкан

21 октябрь 2021 09:47 1501 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Кылмыш 1-октябрда Ак-Тилек конушунда болгон. Кожоюндар жок болгон кезден пайдаланган уурулар күндүз эле үйгө кирип «ИЖ-27» аңчылык куралын, 270 доллар жана 55 миң сом, ноутбук, мобильник, планшет, алтын буюмдар жана эки саатты уурдап кетишкен.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгын 7-шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 1996-жылы туулган М.Э.ни жана 2003-жылы туулган Н.Б.ны кармашты.

Алар камакка алынды, тергөө башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-uurular-kndz-ele-jg-kirip-kural-akcha-uurdashkan



Добавить комментарий