Бишкекте турак үй өрттөнүп бир киши каза болду
Бөлүшүү:
Бишкекте өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондрй, 14-Февраль күнү Свердлов районунун, Дачная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.
“Жерине 2 өрт өчүрүүчү эсеп жана штаб тартылган.
Өрттүн кесепетинен турак үйдүн ичинде өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 1983-ж.т. З.Д. аттуу эркек кишинин күйүп калган жансыз денеси табылган, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Жалпы турак үйдүн үч бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби учурда такталууда”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-turak-j-rttnp-bir-kishi-kaza-boldu
Добавить комментарий ×