Бишкекте түндө кишини көкүрөк тушка бычак менен сайган шектүү кармалды
12-мартта түнкү саат 00:40тар чамасында “102” кызматына билдирүү келип, Байтик баатыр көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринен жанында белгисиз киши эс-учун жоготуп жатканы кабарланган. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге келген Октябрь РИИБдин ыкчам тобу эс-учун жоготуп жаткан киши 1979-жылы туулган А.Э. экенин аныктап, көкүрөк тушка бычак жегенин тастыктаган. Жабыркаган жаран Тез жардам кызматы менен Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борборуна жеткирилген.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган Г.М. кармалып, тергөө учурунда өз ыктыяры менен кылмыш жасаган буюмун — бычакты өткөрүп берген.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-tnd-kishini-kkrk-tushka-bychak-menen-sajgan-shekt-karmaldy
Добавить комментарий ×