Бишкекте “Тазалыктын” кызматкерин сүзүп кетишип, ал каза тапты
Бишкекте “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерин сүзуп кетишти. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
"Кечээ, 14-мартта саат 20:00дө кырсык болду. Профсоюзная көчөсүндө “Тазалык” ишканасынын кызматкери, 36 жаштагы Усон Жусубалиевди унаа сүзүп кетип каза тапты. Ал Казарман айылында туулган,үй-бүлөсү менен Тынчтык жаңы конушунда жашачу”,-деп кабарлашты мэриядан.
Каза тапкан жигиттин жубайы дагы “Тазалыктын” кызматкери болуп иштейт.
Жусубалиев тазалап жаткан участок толук бойдон жарык берилген жана ал атайын кийим кийим жүргөн.
Учурда айдоочу кармалды. Тиешелүү органдар иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-tazalyktyn-kyzmatkerin-szp-ketiship-al-kaza-tapty
Добавить комментарий ×