Бишкекте такси кызматтары кандай шартта иштейт. Жол-жобосу
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 1-майдан тарта иштей турган таксилер кандай шартта иштей турганын түшүндүрүп берди.
"Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн такси кызматынын айдоочуларында патент, унаага өткөрмө кагазы болушу керек жана унааны күнүнө 3 жолудан кем эмес дезинфекциялап, бир буйрутманы аткарууда салондо 2 жүргүнчүнү гана алып жүрүүгө тийиш", - деди Суракматов.
Ал эми жүргүнчүлөрдүн жанында сөзсүз түрдө ким экенин күбөлөндүргөн документи, маршруттук баракчасы болушу керек.
Ошондой эле байланыш адамдардын чөйрөсүн аныктоо үчүн, унаанын номерин, маркасын, унаада жүргөн күнүн жана отурган убактысын жазып алуулары зарыл.
Эске салсак, Бишкек шаарында 1-майдан тарта бир катар мекеме-ишканалар иштеп баштайт. Алардын катарында такси кызматтары да бар.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-taksi-kyzmattary-kandaj-shartta-ishtejt-zhol-zhobosu
Добавить комментарий ×