Бишкекте өтө турчу хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионаттан улам коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Бишкекте хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүгө даярдык көрүү аракеттеринен улам калаада коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак 2-марттан 8-мартка чейин Бишкекте IV дивизиондун хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионаты өтөт.
“Хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жаткан учурда жарандар менен коноктордун коопсуздугун камсыздоо ИИМдин башкы милдеттеринин бири”, — деп айтылат маалыматта.
Андыктан ички иштер министрлиги 26-февралдан тарта кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага жол бербөөгө багытталган аракеттер башталарын эскертет.
Адистештирилген кызматтар коомдук-саясий жана ыкчам маалыматтар боюнча абалды тыкыр көзөмөлдөп турат.
“Милиция кызматкерлерине спорттук иш-чаралар боло турчу аймактарды көзөмөлдөп, милициянын каттоосунда тургандардын кыймыл аракетине көз салуу тапшырылды”, — деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×