Бишкекте дистанциялык 49 сот отуруму өттү (Сүрөт)
Бишкек шаарынын сотторунда 7-июлдан тартып сот отурумдар видеоконференция байланыш аркылуу ѳткѳрүлүп жатат. Бул тууралуу жогорку соттун басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Мындай иш чаралар сот системасы тарабынан сот отурумдун катышуучуларынын топтолушун азайтууга жана коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербѳѳ үчүн колдонулуп жатат.
Бир нече күндүн ичинде Бишкек шаарынын соттору жазык жана жоруктар иштер боюнча «дистанциялык сот отурумдар» порталына 141 ишти карап чыгууга ѳтүнүч киргизишкен. Ал иштер боюнча 49 сот отурум ѳткѳзүлгѳн.
Белгилей кетсек, КРнын Жогорку сотуна караштуу КР Сот департаментине караштуу «Адилет сот» Маалыматтык технологиялар мекемеси 1-июндан баштап, жазык жана жоруктар иштери боюнча «дистанциялык сот отурумдар» порталын ишке киргизген. Портал сот отурумдардын убакытын оптималдуу жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн иштелип чыккан. КР Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында же жарандын жашаган жерине жакын арадагы сот отурумдары аудио-видеофиксация системасы менен жабдылган сот органдарында видеоконференц байланыш аркылуу айыпталуучулардан, күбѳлѳрдѳн, жабырлануучулардан сурак алуу үчүн шарттар түзүлгѳн.
Эскерте кетсек, КРнын өкмѳтүнѳ караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы соттолуучуларды жана соттолгондорду сот залдарына алып келүү аракетин короновирус инфекциясынын жайылышына жана пневмония оорусу күчөгөндүгүнө байланыштуу убактылуу токтоткон.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-sot-oturumdar-vidiokonferenciya-arkyluu-tdsrt
Добавить комментарий ×