Бишкекте ШКУнун саммитине даярданып 2 миллиондон ашык гүл отургузушат

26 март 2019 15:39 728 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин негизги көчөлөрү 2019-жылы июнь айында өткөрүлө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине даярдалат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 Жазгы сезондун ачылышы менен “Бишкекзеленхоз” кааланын көчөлөрүн жашылдандырууну баштайт. Учурда ишкананын кызматкерлери жолдун бойлорун тазалап, дарактарды кыркып, газондорду калыбына келтирип жатышат.

“Учурда 1 миң 800 ашык дарак кыркылды, 7 миң 220 түп бадал отургузулду. 6 миң 400 чарчы метрден ашык газон тазаланды”,-деп кабарлашты мэриядан.

Быйыл “Бишкекзеленхоз” муниципалдык ишканасы тарабынан 2 миллион 148 миң 403 түп бир жылдык гүл отургузулат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-shkunun-sammitine-dayardanyp-2-milliondon-ashyk-gl-oturguzushat



Добавить комментарий