Бишкекте президенттин катышуусунда футболдук турнир өтөт

2 декабрь 2022 09:54 805 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда  “Мурас” достук турнири өтөт. Бул тууралуу кыргыз футбол союузунун маалыматфна таянып “Барометр” билдирет.


Маалыматка ылайык, турнир 14-15-декабрь күндөрү өтөт.

“Оюндар “ФОК Газпром детям” спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү спорттук иш-чарага 16 команда катышат.

Турнирдин жобосуна ылайык, командалар 4 тайпага 4 командадан бөлүнөт. Алар тайпалык баскычта бир тур ойноп, андан соң финалдык этап болот.

Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү”, - деп айтылат маалыматта.

Турнирге төмөнкү комндалар катышат:

- Президенттин командасы

- Маданият өкүлдөрү – “Өнөр”

- Белгилүү ишкерлер - “Бизнес”

- Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – “Журналисттер”

- Футбол ардагерлери – “Алга”

- Спорт федерацияларынын жетекчилери - "Спорттук федерациялар"

- Жогорку Кеңештин депутаттары - "Жогорку Кеңеш"

- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери - "Аймактар"

- Дин өкүлдөрү – “Ыйман”

- Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – “Элчилер”

- Ооруканалардын башкы дарыгерлери - "Ден соолук"

- Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору - “Билим”

- Сот бийлигинин өкүлдөрү – “Фемида”

- Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери - "Коопсуздук"

- Белгилүү спортчулар - "Спорт жылдыздары"

- Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери – “Достук”.


Эске салсак, иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана КР президентинин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.  

 Турнир жылына эки жолу (кышында жана жазында) өтөт.

Беттештердин графиги жана алардын трансляциясы тууралуу маалымат кийинчерээк жарыяланат.




Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-prezidenttin-katyshuusunda-futbolduk-turnir-tt



Добавить комментарий