Бишкекте Ноорузду кандай белгилеп жатышат? Мэр акценти жок сүйлөдү, төрага бата берди

21 март 2019 16:30 1971 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 21-мартта Ала-Тоо борбордук аянтында Нооруз майрамынын урматына театрлаштырылган оюндар көрсөтүлдү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин спикери Дастан Джумабеков, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана башкалар катышты.

Театрлаштырылган оюндарда Умай Эне жаздын келишин куттуктап "Алас, алас, ар балээден калас" арча менен аластады.

Парламенттин төрагасы Нооруз жазгы күн-түн теңелген өзгөчө майрам экенин айттып өттү.

“Жаздын бир күнү жылга тете деп коюшат, ошондуктан баарыбыз эмгектенип, билек түрө иштешибиз керек. Ар бирибиз алыбыздын келишинче мамлекетин жакшылыгы үчүн эмгектенишибиз керек. Баарыбыз бирге гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз!  Нооруз майрмыңыздар кут болсун!”,-деп сүйлөдү төрага.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов мамлекеттик тилде сүйлөө менен куттуктады. Буга чейин шаардыктар мэр кыргыз тилин жакшы билбейт деп тынчсызданып жатышкан.

Суракматов куттуктоо кагазын окуп жатып кыргыз тилинен жакшы ийгиликтерге жетишкенин көрсөттү.

Ал кыргызстандыктарга туруктуулукту жана өнүгүүнү каалады.

Ошондой эле учурда республиканын ар бир аймагында майрам өткөрүлүп жатат. Мындан тышкары ат оюндары өткөрүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-nooruzdu-kandaj-belgilep-zhatyshat-mer-akcenti-zhok-sjld-traga-bata-berdi



Добавить комментарий