Бишкекте Mercedes Benz автоунаасынын айдоочусу велосипедчен өспүрүмдү коюп кетти

27 май 2019 16:21 1212 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык ЖКККББ басма сөз кызматы Mercedes Benz автоунаасынын айдоочусу велосипед тээп бараткан адамды коюп кеткендигин кабарлады.

Кырсык бүгүн, болжол менен саат 13.25тер чамасында Кайназарова жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

«Автонунаа Профсоюзная көчөсүндө келе жатып, Кайназарова көчөсү менен кесилишкен жерде 13 жашар велосипедчен өспүрүмдү коюп кеткен. Жабырлануучу тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Машина айып аянтчасына токтотулду», — деп белгиленет маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-mercedes-benz-avtounaasynyn-ajdoochusu-velosipedchen-sprmd-koyup-ketti



Добавить комментарий