Бишкекте маршруткалар каттамдан алынып, ордуна жаңы автобустар каттай баштады

4 декабрь 2023 12:29 1744 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте жаңы автобустар каттамга чыга баштады. Бул тууралуу мэриянын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Бишкекте жаңы №102 жана №162 автобустар ишке кирди. 

“Бишкекте №102 жана №162 автобустар жүрө баштады.

Буга чейин, бул каттамдарда кичи автобустар иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номурлуу автобустар жүрө баштайт. Аларды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт.

№102 автобус Рухий- Мурас жаңы конушунан Ош базарына чейин каттайт. Узундугу 25,5 км, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул каттамга 12 автобус чыгат.

№162 автобус 12-кичи районунан Новопокровка айылына чейин каттайт. Узундугу 46 км, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул линияга 18 автобус чыгат”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-marshrutkalar-kattamdan-alynyp-orduna-zhay-avtobustar-kattaj-bashtady



Добавить комментарий