Бишкекте көмүр сатыла турган станционардык жайлар ачылды (даректери)
Бишкекте көмүр сатыла турган станционардык жайлар ачылды, ошондой эле көмүр базалары иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Калаада 6 отун базасы жана 7 станционардык пункттар иштеп жатат. Жакында шаардын жаңы конуштарында дагы 35 стационардык пункттар ачылат.
Ленин районунда 4 отун базасы бар:
- «Ак-Жол» жоопкерчилиги чектелген коому (Мурманская көчөсү №1а);
- «Торг-Синтез» ЖЧКсы (Мурманская көчөсү №59а);
-«Береке» ЖЧКсы (Мурманская көчөсү №259);
- «Беш-Сары» (Мурманская көчөсү №186).
Октябрь районунда:
- «Торг-Синтез» ЖЧКсы («Төкөлдөш» конушу, станция «Аламедин»).
Свердлов районунда:
-«Восход жана К» ЖЧКсы (Достоевский көчөсү №1).
Ленин районунда иштеп жаткан станционардык пункттар:
- Пушкин көчөсү №182;
- Гагарин көчөсү №67;
- Баррикадный көчөсү №2.
Свердлов районунда иштеп жаткан станционардык пункттар:
- «Учкун» жаңы конушу;
- Саадаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде;
- «Келечек» жаңы конушу;
- «Ак-Бата» жаңы конушу.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kmr-satyla-turgan-stancionardyk-zhajlar-achyldy-darekteri
Добавить комментарий ×