Бишкекте кармалган Ильяс Тулекеев тууралуу Казакстандын ТИМи үн катты

28 май 2018 22:05 1446 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы KAZ Minerals Bozymchak башчысы, казак жараны Ильяс Тулекеевдин Бишкек шаарында колго түшкөндүгү тууралуу маалымат бергендигин Tengrinews.kz. жарыялады.

Эске салсак, ал Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан 2018-жылдын 25-майында эл аралык “Манас” аба каттамында Алматыга учайын деп жатканда колго түшкөн. Казак Республикасынын ТИМ басма сөз кызматынын кабарлашына караганда, 26-майда Кыргызстандагы Казакстандын элчилигинин консулу КР финансы полициясынын Тергөө башкармалыгынын өкүлү З. Оморбеков менен жолугушуу болуп, анда Тулекеев салык төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн айыпталгандыгы маалымдалган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Ильяс Тулекеев сот залынан бошотулгандыгы кабарланды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-karmalgan-ilyas-tulekeev-tuuraluu-kazakstandyn-tim-n-katty



Добавить комментарий