Бишкекте оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш башталды
Бүгүн Бишкекте Каныбек Осмоналиевдин урматына арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш башталды.
Каныбек Осмоналиев СССР спортунун эмгек сиңирген устаты (мастери).
Бүгүн, 26 ноябрьда Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Каныбек Осмоналиевдин урматына арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке Орто Азиядан, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн спортчулар келип катышып, байгелер үчүн күч сынашат. Эркектер арасындагы мелдеш үчүн спортчулар салмак боюнча 8 категорияга, ал эми кыз келиндер 7 категорияга бөлүнгөн.
Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 10.00дө башталып, саат 17.30да мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи орун алат. Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, Европанын 2жолку чемпиону. 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада чемпион болгон СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери.
Добавить комментарий ×