Бишкекте кафеге ууруга кирген жаш жигиттер кармалды

4 апрель 2019 17:33 1030 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин тургуну  кечээ, 3-апрелде таң саат төрттөрдө шаардагы Саякбай Каралаев көчөсүндө жайгашкан «Перчик» кафесине уурулукка киргендерди кармоо боюнча арыз менен кайрылган. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кабарлашты.

Уурулар баасы 10700 сомдук «Самсунг ТАБ А6» планшетин алып кетишкен.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын  кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 17 жана 18 жаштагы эки жигит кармалды.

Алар буга окшогон кылмыштарды жасап жүрүшкөнү иликтенүүдө. Кармалгандардан далилдүү заттар алынды.    

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kafege-uuruga-kirgen-zhash-zhigitter-karmaldy



Добавить комментарий