Бишкекте эркек киши банкта иштеген аялын кызганычтан сабап, зордуктап өлтүргөн
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 1975-жылы туулган З.Б.К га карата чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
2019-жылдын 6-январынан 7-январына караган түнү саат 01:00 чамасында 44 жаштагы эркек жарандык никедеги аялы менен кафеден уруша кеткен. Аялы үйүнө кетип калган. Саат 03:00тө күйөөсү мас болуп кайтып келген жана кызганычтан улам аялын сабай баштаган. Анын жылбай калганын көрүп өзгөчө формада зордуктаган. Аял окуя болгон жерде каза тапкан.
Аял 2002-жылдан бери жашаган, ортолорунда үч баласы бар. Ал банкта иштеп, жумушунан кийин курбусу менен соода кылган. Анын агасынын айтымында карындашын күйөөсү дайыма ичип келип урап сабачу.
Сот эркекти 20 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле жабырлануучу тарапка 100 миң сом моралдык зыян төлөп берүү чечимин чыгарды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-erkek-kishi-bankta-ishtegen-ayalyn-kyzganychtan-sabap-zorduktap-ltrgn
Добавить комментарий ×