Бишкекте эрежесиз эр уруш боюнча бешинчи чемпионат өткөрүлөт

14 март 2019 11:19 1726 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 23-24-мартта эрежесиз эр уруш боюнча ачык чемпионат болот. Бул тууралуу КРнын ММА жана панкратион федерациясынан кабарлашты.

Баардыгы болуп 16 медаль ойнотулат. Кыргызстандын чемпиону титулуна 18 жаштан жогорку мырзалар жана айымдар ат салышмакчы.   

Турнирдин негизги максаты-Кыргызстандын улуттук курамасына жана эл аралык мелдештерге катыша турган  күчтүү спортчуларды тандоо.

Аталган турнирге атайын конок катары Россиянын ММА союзунун президенти Радмир Габдуллин, аталган союздун башкы катчысы Кристина Ваганова, Россиянын, Европанын чемпиондору жана Суперкубоктун жеңүүчүсү Шамиль Абдулаев чакырылды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-erezhesiz-er-urush-boyuncha-beshinchi-chempionat-tkrlt



Добавить комментарий