Антонина Шевченконун кийинки атаандашы белгилүү болду

27 август 2021 12:29 2371 Barometr
Бөлүшүү:
ok

UFCтин кыргызстандык мушкери Антонина Шевченконун кийинки беттеши австралиялык Кейси О'Нилл менен болмокчу. Бул тууралуу “Tapology” булагына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Эки мушкердин кармашы UFC Vegas 38 турниринин алкагында 2-октябрда Лас-Вегас шаарында болот.

Бул кеченин эң башкы окуясы бразиялык орточо оор салмактагы Тиаго Сантус менен экинчи бир бразилиялык мушкер Джони Уокердин беттеши болмокчу.

Эскерте кетсек, май айында Антонина Шевченко Хьюстондо өткөн UFC 262 турниринде америкалык мушкер Андреа Лиден утулуп калган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/antonina-shevchenkonun-kijinki-ataandashy-belgil-boldu



Добавить комментарий