Бишкекте эки унаа кагылышып, бир адам жаракат алды

19 ноябрь 2018 10:45 789 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте эки унаа кагылышып, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматта айтылгандай,  окуя кечээ 18-ноябрь күнү саат 14:03тө Совет менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. “Мерседес-Бенц-124” үлгүсүндөгү унаа менен “ Мерседес-Бенц Е220” улгүсүндөгү унаа кагылышып,  жол кырсыгынын кесепетинен 1962-жылы туулган  Н.Б. аттуу эркек адам жаракат алды. 

ӨКМнын аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркаган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-eki-unaa-kagylyshyp-bir-adam-zharakat-aldy



Добавить комментарий