Бишкекте эки бала колго жасалган жардыргычтан жабыркады
Бөлүшүү:
Эки өспүрүм бала колго жасалган жардыргычтан жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Окуя 25-августта Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде болгон. 2010-жылы жана 2011-жылы туулган балдар колго жасалган жардыргыч менен ойноп жатканда ал жарылып кеткен.
Окуя болгон жерге куткаруучулар жана тез жардам унаасы барды. Балдардын абалы туруктуу деп бааланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-eki-bala-kolgo-zhasalgan-zhardyrgychtan-zhabyrkady
Добавить комментарий ×