Бишкекте дагы 11 жерге камера орнотулду. Алар кайсы көчөлөр?
“Коопсуз шаар” боюнча дагы 25 жерге камера жайгаштырылды. Бул тууралуу «Вега» радио курулуш концерни кабарлады.
Аппараттык-программалык комплексттердин 14ү Бишкек- Торугарт жана Бишкек-Чалдовар унаа жолдоруна коюлса, Бишкек шаарындагы тогуз көчө кесилиштерине жана эки өтмөккө камера жайгаштырылды.
Текшерүүдөн өткөндөн кийин АПК ишке киришет.
Бишкектеги аппараттык-программалык комплексттер орнотулган жайлардын тизмеси төмөндө:
Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши;
Чүй проспектиси - Манас проспектиси;
Чүй-Павлов көчөсү;
Жибек Жолу-Манас проспектиси;
Махатма Ганди-Боталиев көчөлөрү;
Жибек Жолу-Курманжан Датка;
Ахунбаева - Байтик Баатыр;
Чүй-Абдрахманов;
Байтик Баатыр-Горький көчөлөрү;
Шабдан Баатыр көчөсүндөгү өтмөк;
Ибраимов көчөсүндөгү өтмөк.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-dagy-11-zherge-kamera-ornotuldu-alar-kajsy-kchlr
Добавить комментарий ×