Бишкекте 150 адам чек арадан жаракат алгандар үчүн кан берди

30 апрель 2021 16:24 2881 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 150гө жакын адам чек арадагы жаңжалдан жаракат алгандар үчүн кан тапшырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Министрликтин маалыматында, Баткен облусунун жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын жана анын компоненттеринин жетиштүү көлөмү бар. 

Антсе да, жабыр тарткан мекендештерибиз үчүн кан тапшырууну каалагандар кан борборлоруна барып тапшырса болоорун эске салабыз.

Бүгүн, 30-апрелде Республикалык кан борборунда жабыркагандар үчүн 150гө жакын адам кан тапшырган. Жаракат алган мекендештерибиз үчүн кан тапшырууну каалагандар төмөнкү дарекке кайрыла алышат:

Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов көчөсү, 60. Республикалык кан борбору.

Иштөө тартиби: дүйшөмбү-жума 8:00 – 14:00 чейин;

                              ишемби күнү 8:00 – 11:00 чейин.

Кан тапшыруу үчүн паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети менен баруу керек.

Кан тапшырардын алдында майлуу, куурулган, сүт азыктарынан баш тартуу керек.

Облустардагы бардык Кан борборлору да ушул эле тартипте иштейт.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-chek-aradan-zharakat-algandar-chn-150-adam-kan-berdi



Добавить комментарий