Бишкекте болгон аварияда төрт адам жабыркады
Бөлүшүү:
Бишкекте болгон аварияда төрт адам жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Жол кырсыгы 7-апрелде болжол менен саат 21.00дө болгон. Байтик Баатыр менен Суеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде Audi A6, Mercedes-Benz жана Nissan Micra унаалары кагышкан.
Тез жардам борборунан төрт адам жабыркаганын кабарлашты. Алардын экөө бейтапканага жаткырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-bolgon-avariyada-trt-adam-zhabyrkady
Добавить комментарий ×