Бишкекте бокс боюнча чемпионаты көрүүчүлөрсүз өтүп жатат

25 ноябрь 2020 11:34 1107 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте эркектер жана кыз-келиндер арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 25-ноябрда Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек ш.) эркектер жана кыз-келиндер арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды.

Республиканын биринчилигинде өлкөнүн бардык аймактарынан 120 мушкер катышып жатат. Мелдеш 14 салмак категориясында: 10 (49, 52, 57, 60, 63, 69, 75, 81, 91 кг) салмак категория эркектер арасында жана 4 (51, 57, 60, 69 кг) салмак категория кыз-келиндер арасында өтүүдө.

Ачылыш аземинде Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Жоомарт Шамканов, КРнын Улуттук бокс федерациясынын президенти Абдыбакыт Халмурзаев, бокс боюнча СССРдин чемпиону, профессоналдар арасында дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров куттуктоо сөздөрүн айтышты.

«Урматтуу достор, сиздерди Кыргызстандын бокс боюнча кезектеги чемпионатынын башталышы менен куттуктап кетким келет. Бул чемпионат биздин мушкерлер үчүн Олимпиада оюндарына тандоо болуп эсептелинет, ошондуктан калыстардан калыстыкты суранам, эң күчтүү спортчулар жеңишке жетет деп ишенебиз. Машыктыруучуларга талыкпаган эмгек, катышуучуларга ийгилик каалайм», - деди өз сөзүндө Ж. Шамканов.

«Калыстарга азыркы оор мезгилде мелдештерди көрүүчүлөрсүз баалоо кыйын. Биз бул мелдешти көрүүчүлөрсүз өткөрүп жатабыз, ошондуктан бири бирибизди колдообуз керек. Бирок мушкерлер үчүн, мындай мелдеш – бул дагы бир сыноо. Бардыгыңыздарды мелдештин башталышы менен чын жүрөктөн куттуктап, ийгилик каалайм», - деди Орзубек Назаров. 

Белгилей кетсек, республиканын чемпионаты 28-ноябрда аяктайт. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу чемпионат көрүүчүлөрсүз өтүп жатат. Калоочулар жана бокстун күйөрмандары беттештерди «КТРК Спорт» телеканалынын түз эфиринде көрө алышат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-boks-boyuncha-respublikanyn-chempionaty-start-aldy



Добавить комментарий