Бишкекте беш жашар бала кулпуланган батирде жалгыз калып калган
Бөлүшүү:
Бишкекте кечээ, 13-июнда куткаруучулар беш жаштагы ымыркайды бекилип калган батирден алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
101 кызматына Бишкек шаарынын 4-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн биринде беш жаштагы баласы кулпуланган батирде калап калды деген билдирүү келип түшкөн.
Куткаруучулар батирди ачып, баланы энесине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-besh-zhashar-bala-kulpulangan-batirde-zhalgyz-kalyp-kalgan
Добавить комментарий ×