Бишкекте белгисиз себептерден улам кампада өрт чыкты

15 декабрь 2018 10:29 959 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

14-декабрь күнү Бишкек шаарындагы кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда өрт Биринчи Май районунун Васильев көчөсүндө жайгашкан кампадан чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 15:20да Биринчи Май райондук өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, Свердлов районунан 1 бөлүм барган. Өрт саат 16:08де чектөөгө алынган. Өрттүн келип чыгуу себептери, келтирилген зыян аныкталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-belgisiz-sebepterden-ulam-kampadan-rt-chykty



Добавить комментарий