Бишкекте "Аю финанс" компаниясын тоноп кетишти
Бөлүшүү:
Бишкекте микрофинансылык компанияны тоноп кетишти. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнөн маалымдашты.
Аталган маалыматка таянсак, 18-июндан 19-июнга караган түнүн белгисиз адамдар Токтогул жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Аю финанс" чакан насыялоочу компаниясын тоноп кетишкен.
Аталган компания ИИМдин Күзөт кызматынын Свердлов райондук бөлүмү тарабынан кайтарууда турган.
Тоноочулар 700 миң сомдой акчаны алып кетишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ayu-finans-kompaniyasyn-tonop-ketishti
Добавить комментарий ×