Бишкекте «Авангард Стиль» курулуш компаниясы басып алган участокту бошотушту

9 май 2019 19:40 2604 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте «Авангард Стиль» курулуш компаниясы басып алган 20 соток участокту бошотушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин протоколдук тапшырмасы менен Түштүк БЧКсынын жээгин бойлото курулган курулуштар боюнча текшерүү жүргүздү.

Текшерүү маалында 2005-жылы 23-ноябрдагы № 1785 сатып алуу-сатуу келишимине ылайык 0,38 га аянттагы жер участогу «Авангард Стиль» ЖЧКсына таандык экени аныкталды. Ал жерге 15 кабат үй, спорттук комплекс жана А. Токомбаев, 23 дареги боюнча жер алындагы унаа токтоочу жай кирет.

Бирок текшерүү маалында  компания жер участогун өз алдынча 0,20 га аянтка кеңейтип, унаа токтоочу жай катары пайдаланып жатканы да аныкталды.

Буга байланыштуу 8-майда шаардык кызмат жер участогунун чегин бекитти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-avangard-stil-kurulush-kompaniyasy-basyp-algan-uchastoktu-boshotushtu



Добавить комментарий