Бишкекте, адашып кеткен төрт жаштагы кызды кайгуул кызматкерлери таап, атасына тапшырды
Бишкек шаарында милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен кичинекей кызды атасына жеткиришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Кечээ, 20-апрелде болжол менен саат 18:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Дордой 2 көчөсүндө кичинекей кыз адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип маалыматты тактаганда, 4 жаштага кыз адашып 192 маршурттук каттамдын соңку аялдамасында жүргөндүгүн, көргөн жарандар 102ге кабарлаганы белгилүү болгон.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, кыздын жашаган дарегин аныктап, көп узабай атасын таап, сак-саламат жеткирип беришкен.
Өз кезегинде кыздын атасыда кызын издеп жаткандыгын айтып, кайгуул кызматкерлерине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген", - деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×