Бишкекте 8 жаштагы окуучуну сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

20 декабрь 2018 14:58 2389 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

№70 мектеп-гимназиясынын жанында окуучуну унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-декабрда болжол менен саат 10:45тер чамасында белгисиз айдоочу Бөкөнбаев көчөсүндө батыш тарапты көздөй бара жатып №70 мектептин жанында баланы сүзүп, качып кеткен.

Окуяда кырсыктаган бала ооруканага кайрылган. Баланы сүзгөн деп “Ниссан Мурано” унаасынын айдоочусу 31 жаштагы жаран кармалган. Ал эми унаа айып токтотуучу жайына жиберилген.

Матераилдар Бишкек ИИББнин Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Эске сала кетсек, Бөкөнбаев менен Манас проспектисинин кесилишинде №70 мектептин жанында саат 10:45тер чамасында белгисиз унаа окуучуну сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Баланын ата-энеси күбөлөргө кайрылып, айдоочуну табууга көмөктөшүүнү суранышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-8-zhashtagy-okuuchunu-szp-kachyp-ketken-ajdoochu-karmaldy



Добавить комментарий