Бишкекте 30 маршутканын айдоочусуна айып салынды

4 июнь 2019 12:38 1055 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Транспорт министрлигине караштуу Унаа, суу транспорту жана тараза габариттик көзөмөл агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгы баш калаадагы коомдук транспорттун жумушуна рейд жүргүздү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Рейддин жүрүшүндө 560 орто жана чакан класстагы автобусттар текшерилди.   

Текшерүүнүн жүрүшүндө жүргүнчүлөрдү тейлөөдө мыйзам бузууларга жол берген 30 айдоочуга жалпы суммасы 36 миң 500 сомдук айып пул салынды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-30-marshutkanyn-ajdoochusuna-ajyp-salyndy



Добавить комментарий